Philips GC5039/30R1 Steam Iron with OptimalTEMP technology - Refurbished

User manual - Page 111

For GC5039/30R1.

PDF File Manual, 138 pages, Read Online | Download pdf file

GC5039/30R1 photo
Loading ...
Loading ...
Loading ...
Мүчүлүштүктөрдү жоюу
Бул бөлүм сиз шайманды иштетүүдө туш болгон жалпы көйгөйлөрдү камтыйт. Эгер көйгөйдү
төмөндөгү маалымат менен чече албасаңыз, www.philips.com/support баракчасынан көп берилүүчү
суроолорду караңыз же өз өлкөңүздөгү Кардарларды Тейлөө Борборуна кайрылыңыз.
Көйгөй Болжолдуусебеп Чечим
Үтүктөн эч кандай
буу чыкпай жатат.
Суу челегинде суу аз. Суу челегин толтуруңуз.
Буу жөндөөсү “буу өчүк”
абалына коюлган
Үтүктү өйдө каратып, буу жөндөөсүн тандоо үчүн
тутканын үстүндөгү буу баскычын басыңыз.
Үтүк даяр эмес. Үтүк даяр болгончо күтүп туруңуз (дисплей
панелиндеги көрсөткүч күйүп өчпөй калат).
Мен тутканын
үстүндөгү буу
баскычын
басканда, буу
жөндөөсү
өзгөрбөй жатат.
Буу баскычы буу
жөндөөлөрүн үтүктү
кыйшайтканда гана
өзгөртөт. Туурасынан
коюлганда, буу баскычы
бардык жөндөөдө кошумча
буу чыгаруу үчүн маша
катары кызмат кылат.
Буу жөндөөсүн өзгөртүү үчүн, үтүктү бир аз өйдө
каратып, буу баскычын басыңыз.
Бул колдонуучулар үтүктөө учурунда кокустан
буу жөндөөсүн өзгөртүп албоосу үчүн иштелип
чыккан.
Үтүктөө учурунда
тактанын кабы суу
болуп же кийимде
суу тамчылары
калып жатат.
Узакка созулган үтүктөөдөн
кийин тактанын кабында
буу тер болуп калып калган.
Эгер тактанын кабы эскирип калган болсо,
аны алмаштырыңыз. Ошондой эле үтүктөөчү
тактанын кабынын астына кошумча бир
катмар кийиз кошуп кое аласыз, ал үтүктөө
тактасындагы конденсаттын пайда болушун
алдын алат. Кийизди кездемелер дүкөнүнөн
сатып алсаңыз болот.
Үтүктөөчү тактаңыздын
кабы шаймандын бууну көп
чыгаруусуна дал келбеши
мүмкүн.
Буу үтүктөө тактасында суу болуп калып
калбоосу үчүн, кийиз кездеменин ашыкча
катмарын
үтүктөөчү такта кабынын алдына коюп коюңуз.
Кийизди кездемелер дүкөнүнөн сатып алсаңыз
болот.
Үтүктөө учурунда
кийимге суу
тамчылары тамып
жатат.
Бууну күчөтүү функциясын
аз убакыттын ичинде өтө
көп жолу колдонгонсуз.
Горизонталдуу абалда үтүктөөнү улантып, бууну
күчөтүү функциясын кайра колдонуу үчүн бир аз
күтө туруңуз.
Суу челегинин капкагын
туура жапкан эмессиз.
"Чык" эткен үн угулгуча капкакты басып туруңуз.
Quick Calc Release
коллекторун шайманга
туура салган эмессиз
(айрым түрлөр гана).
Үтүктөөнү токтотуп, үтүктү жок дегенде 1 саат
муздатыңыз. Quick Calc Release коллекторун
чыгарыңыз. Аны кайра шайманга салып,
коллектор шаймандын үстү менен бирдей
тегиздикте экенин текшериңиз. Тутканы түртүңүз
(“чык”).
Эгер Quick Calc Release лотогу бузулган болсо,
өз өлкөңүздөгү кардарларды тейлөө борборуна
кайрылыңыз (байланыш маалыматтары үчүн,
дүйнөлүк кепилдик баракчасын караңыз).
115
Кыргызча
Loading ...
Loading ...
Loading ...