Philips GC5039/30R1 Steam Iron with OptimalTEMP technology - Refurbished

User manual - Page 108

For GC5039/30R1.

PDF File Manual, 138 pages, Read Online | Download pdf file

GC5039/30R1 photo
Loading ...
Loading ...
Loading ...
Киришүү
Сатып алганыңыз үчүн куттуктайбыз жана Philips'ке кош келиңиз! Philips сунуштаган колдоону толук
пайдалануу үчүн өнүмүңүздү www.philips.com/welcome баракчасынан каттоодон өткөрүңүз.
Шайманды колдонууга чейин бул колдонуучунун нускамасын жана маанилүү маалымат камтылган
китепчени кунт коюп окуп чыгыңыз. Аларды келечекте колдонуу үчүн сактап коюңуз.
Өнүмдүн кыскача сүрөттөлүшү
1 Суу челегинин капкагы
2 Дисплей панели
3 Буу баскычы
4 Calc-Clean / Quick Calc Release эскертүү көрсөткүчү
5 Буу көбөйтүү машасы
6 Электр шнуру
7 Шнур орому
8 Calc-Clean баскычы (айрым түрлөр гана)
9 Үтүк таманы
10 Quick Calc Release (айрым түрлөр гана)
Philipsтен эксклюзивдүү технология
OptimalTEMPтехнологиясы
OptimalTEMP технологиясы бардык үтүктөлө турган кездемелерди каалаган тартипте, үтүктүн
температура жөндөөсүн тууралабастан жана кийимдерди сорттобостон эле үтүктөөгө мүмкүнчүлүк
берет.
Үтүктүн ысык таманын үтүк түпкүчүнө койбостон, түз эле үтүктөө тактасына койсо болот. Бул сиздин
билегиңизге келген күчтү азайтууга жардам берет.
сенсор
Бул шайман эң алдыңкы
сенсорду колдонуп, үтүгүңүздүн кыймылын так аныктайт жана
мыкты натыйжаларга жетүү үчүн акылдуу буу чыгарууну шарттайт. Биздин алдыңкы
сенсор үтүгүңүз кандай кыймалдап жатканын жана качан кыймылдабай турганын так билет. Жөн
гана режимине которуңуз жана бырыштарды тезирээк кетирүү үчүн керек болгон учурда,
сизге дайыма эң керектүү жана ылайыктуу буу өлчөмү жеткиликтүү болот.
Турбобуунасосу
Бырыштар батыраак кетүүсү үчүн, бууну кездемелерден түз өткөрүүнү 50% чейин көбөйтүүчү турбо
буу насосун кошобуз.
Шайманды колдонуу
Эскертүү: Үтүктү биринчи жолу колдонуп жатканда андан бир аз түтүн чыгышы мүмкүн. Ал бир
аздан кийин жоголуп кетет
Колдонулатургансуунунтүрү
Бул шайман кран суусу менен колдонууга иштелип чыккан. Бирок, суунун катуулугу жогору болгон
аймакта жашасаңыз, кебээр бат эле чогулушу мүмкүн. Ошондуктан, шайманыңыздын иштөө
мөөнөтүн узартуу үчүн, тузсуздандырылган же минералдаштырылган сууну колдонуу сунушталат.
Атыр суу, кургаткычтан сыгылган суу, уксус, крахмал, кебээр кетирүүчү каражат, үтүктөө
каражаттары, химиялык жол менен тазаланган суу же башка химикаттарды колдонбоңуз.
Алар суунун тамчылашына, күрөң так калышына же шаймандын бузулушуна алып келиши
мүмкүн.
112
Кыргызча
Loading ...
Loading ...
Loading ...