Philips GC5039/30R1 Steam Iron with OptimalTEMP technology - Refurbished

User manual - Page 110

For GC5039/30R1.

PDF File Manual, 138 pages, Read Online | Download pdf file

GC5039/30R1 photo
Loading ...
Loading ...
Loading ...
QuickCalcRelease(айрымтүрлөргана)
МААНИЛҮҮ: Quick Calc Release функциясы үтүктөө учурунда кебээр бөлүкчөлөрүн автоматтык түрдө
чогултат. 1-3 ай колдонгондон кийин, кебээрден тазалоо тууралуу эскертүүчү көрсөткүч өчүп күйүп,
сизге Quick Calc Release функциясын колдонуу керек экенин эскертет (Сүр. 2-1). Бул шаймандын иштөө
мөөнөтүн узартуу максатында, анда чогулган кебээрлерди алып салуу үчүн керек. Кебээрден тазалоо
көрсөткүчү күйүп өчүп жатканда, үтүк ысыбайт.
Кеңеш: Quick Calc Release функциясын каалаган убакта колдонсо болот, жадагалса эскертүүчү
көрсөткүч күйө электе дагы. Эгерде сиз суунун катуулугу жогору аймакта жашасаңыз, бул функцияны
тез-тезден колдонуңуз.
Үтүк ысык кезде Quick Calc Release функциясын аткарбаңыз. Quick Calc Release тешигине суу
куйбаңыз.
1 Шайманды розеткадан сууруп (Сүр. 2-2) жана ал муздак экенин текшериңиз (Сүр. 2-3).
2 Шайманды тигинен кылып, раковинанын үстүнө кармаңыз.
3 Quick Calc Release коллекторунун кичинекей туткасын көтөрүп (Сүр.2-4), коллекторду сууруп
чыгарыңыз (Сүр.2-5).
4 Quick Calc Release коллекторун суу менен тазалаңыз (Сүр. 2-6, Сүр. 2-7).
5 Кебээр бөлүкчөлөрүн чыгаруу үчүн, шайманды акырын чайкаңыз (Сүр. 2-8).
6 Quick Calc Release коллекторун кайра шайманга салыңыз (Сүр. 2-10).
7 Коллекторду бекитүү үчүн, тутканы түртүңүз (“чык”) (Сүр. 2-11).
Calc-Cleanфункциясы(айрымтүрлөргана)
МААНИЛҮҮ: 1-3 ай колдонгондон кийин, кебээрден тазалоо тууралуу эскертүүчү көрсөткүч өчүп
күйүп, сизге Calc-Clean функциясын колдонуу керек экенин эскертет (Сүр. 3-1). Бул шаймандын иштөө
мөөнөтүн узартуу максатында, анда чогулган кебээрлерди алып салуу үчүн керек.
Кеңеш: Calc-Clean функциясын каалаган убакта колдонсо болот, жадагалса эскертүүчү көрсөткүч
күйө электе дагы. Эгерде сиз суунун катуулугу жогору аймакта жашасаңыз, бул функцияны тез-тезден
колдонуңуз.
1 Буу чыгаруу баскычы “буу өчүк” абалында экенин текшериңиз.
2 Суу челегинде жетиштүү суу бар экенин текшериңиз (3/4 көбүрөөк). Эгер суу аз болсо, үтүктү
сууруп, MAX белгисине чейин суу толтуруп, (Сүр.3-2) үтүктү кайра розеткага сайыңыз (Сүр.3-3).
Суу челегине уксус же башка тазалоочу каражаттарды куйбаңыз.
3 Үтүк ысыгыча күтүп туруңуз. Бул болжол менен 2 мүнөт алат (Сүр.3-3).
Эскертүү: үтүк ысып жатканда, Calc-Clean көрсөткүчү өчөт.
4 “Үтүк даяр” көрсөткүчү күйбөй калганда, үтүктү розеткадан сууруңуз (Сүр. 3-4).
5 Үтүктү раковинанын үстүнө кармаңыз. Calc-Clean баскычын токтобой басып, суу челегиндеги суу
агып бүтмөйүнчө үтүктү ары бери акырын чайкаңыз (Сүр. 3-5).
Кебээр агып чыгып жатканда үтүктүн таманынан буу менен кайнап жаткан суу дагы кошо чыгат.
Note: Эгер үтүктөн чыгып жаткан сууда дагы деле кебээр калдыктары бар болсо, 2ден 5ке чейинки
кадамдарды кайталаңыз.
6 Шайманды розеткага сайып, таманын кургатуу үчүн үтүктү ысытыңыз. Бул болжол менен 2 мүнөт
созулат (Сүр.3-6).
7 Шайманды розеткадан сууруңуз. Үтүктүн таманындагы суу тактарын кетирүү үчүн үтүктү чүпүрөктүн
үстүнө акырын басып коюңуз (Сүр. 3-7).
114
Кыргызча
Loading ...
Loading ...
Loading ...