Philips GC6720/30 Steam generator iron

User Manual - Page 137

For GC6720/30. Series: GC6700

PDF File Manual, 161 pages, Read Online | Download pdf file

GC6720/30 photo
Loading ...
Loading ...
Loading ...
137
Шайманды колдонуу
Үтүктөө
Температура жөндөөсү Автоматтык буу жөндөөсү Кездеме түрү
SYNTH -
Синтетикалык кездемелер (мис.
ацетат булалары, акрил, нейлон,
вискоза, полиамид, полиэстер)
●●
Жибек, жүн
●●● - LINEN
Кебез, чыт
1 Шайманды туруктуу, түз жерге коюңуз.
Эскертүү: Үтүктөө коопсуз болушу үчүн, үтүктүн түпкүчүн дайыма туруктуу үтүктөө тактасына
коюуну сунуштайбыз.
2 Суу челегинде жетиштүү суу бар экенин текшериңиз.
3 Электр шнурун жана суу жеткирүү шлангын сактоо бөлүгүнөн чыгарыңыз.
4 Шайманды күйгүзүү үчүн, электр ачакейин жерге туташтырылган дубал розеткасына сайып,
күйгүзүү/өчүрүү которгучун басыңыз.
5 Жогорудагы таблицага карап, ылайыктуу температураны коюу үчүн температура буроосун
бураңыз. Шайман тандалган температурага жараша, бууну автоматтык түрдө тууралайт.
Эскертүү: сунушталган температура жөндөөсүн билүү үчүн, кийимдин этикеткасын караңыз.
Үтүктөөгө болбой турган кездемелерди үтүктөбөңүз.
6 ‘Үтүк даяр’ жарыгы токтобой күйгүчө күтө туруңуз (Сүр. 4). Бул болжол менен 2 мүнөт созулат.
7 GC6730, GC6740 сериялары үчүн гана: үтүктү үтүк түпкүчүнөн чыгаруу үчүн, ташыма кулпуну
бошотуу баскычын басыңыз (Сүр. 5).
8 Үтүктөп баштоо үчүн буу машасын басып, кармап туруңуз (Сүр. 6).
Көңүл буруңуз: Бууну эч качан адамдарга багыттабаңыз.
Эскертүү: Шайманды биринчи жолу колдонуп жатканда, буу шаймандан 30 секунддан кийин
чыгышы мүмкүн.
Эскертүү: Буу машасын баскан сайын насос иштеп турат. Ал акырын кырылдаган үн чыгарат, бул
кадимки нерсе. Суу челегинде суу калбай калганда, насостун үнү катуураак чыгат. Суу деңгээли
минималдуу белгиден ылдый түшкөндө, суу челегин суу менен толтуруңуз.
Буунукөбөйтүүфункциясы
1 Буунун күчтүү соккусун чыгаруу үчүн буу машасын 3 секунд басып туруңуз (Сүр. 7).
Эскертүү: бууну көбөйтүү функциясын катуу бырыштарга гана колдонуу сунушталат.
Тигиненүтүктөө
Көңүл буруңуз: Үтүктөн ысык буу чыгат. Бирөө кийип турган кийимдеги бырыштарды
кетирүүгө эч качан аракет кылбаңыз (Сүр. 8). Бууну өзүңүздүн же башкалардын колуна
жакын багыттабаңыз.
Үтүк менен илинип турган кездемелердеги бырыштарды тигинен үтүктөп жаза аласыз.
1 Үтүктү тигинен кармап, буу машасын басып, кийимге үтүктүн таманын акырын тийгизип, үтүктү
өйдө-ылдый жылдырыңыз (Сүр. 9).
Кыргызча
Loading ...
Loading ...
Loading ...